кубулуш

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Жаратылыштын, коомдун же кандайдыр бир заттын, нерсенин өзгө-рүүсүнөн, кыймылынан, өсүп-өнүгүүсүнөн ж.б. келип чыккан көрүнүш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кээ бирөө бала жок, десе, / Кээ бирөө малым аз, деген, / Кээ бирөө баарым бар, десе, / Кээ бирөө наамым пас деген, / Окшошпогон шум жалган, / Ошондой нечен кубулуш, / Өтүп кетип бараткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Адам айран калгандай, / Кубулушту карачы, / Муну мындай таштайлы, / Көк жалың Манастын / Төрөлүшүнөн баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Эмне болуп жатканын, / Эшикке чыгып айкөлүм, / Айлананы карагын, - / Сен элечи Кыргылым, / Мен элебес экемин, / Канаке, чыгып карайын, / Айланаң эмне экенин, / — Эшикке чыгып эр Манас, / Төрт тарапты карасы, / Карада кыргыз эл турат, / — Кубулуш кандай болгон? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…п, / Көлдөгү суулар чайпалып, / Шамдай күйүп жылдыздар, / Жердин бети жапжарык, / Эчтеме менен кээри жок, / Тим жүргөндөр ар кайда, / Айланып башы маң болду, / Кубулушка таң калып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Табияттын ушундай кубулуштарын байкап жатып, көңүлүм белгисиз бирдемеге козголгондой, мен көпкө чейин уктай албадым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →