кубаттан
- Кубат кирүү, күчтөнүү, алдануу, кайраттануу.
- Көңүлү көтөрүлүү, демденүү, жигерденүү, шыктануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Медет менен кубаттан, / Эзип туруп ичирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күч кубаттан ажырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттандырып аларды, / Чыныкени чакырып, / Жүйрүн дөөнү сойгондо, / Алып келген көп дары, / Чоң куржундан таптырып, / Апы менен сапыны, / Тыштан эзип чаптырып, / Эбеп менен себепти, / Дартка кылчуу медетти, / Кутудагы кубаттан, / Даамга кошуп татканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →