кубатта

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Жактоо, туура деп эсептөө, кошулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н Чигитей, / Ага бакма уул болуп, / Кечээ жарадар болуп келгенде, / Көөнүмдөн кеткис меники, / Мадыбек айткан кептери, / Айрыкча кетпейт көөнүмдөн, / Мадыбекти кубаттап, / Көкөй катын иштери. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп кароолчу сүйлөнүп, / Коросондун чоңуна, / Эли жогун билгизип, / Кептин заарын тийгизип, / Кененимди кубаттап, / Ого бетер кургурду, / Ийинге мыктап сийгизип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Баатырлыгын кубаттап, / Айылга кетсе ар кайдан / Чыгым болом дейсиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп, ошентип Канчоро, / Семетейге айтты эле, / Канчоро кебин укту, дейт, / Кубаттап аны тутту, дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →