кубаныч
- Кубануу сезими, сүйүнүп, көңүлү көтөрүлүп шаттангандык.
- Жакшы көргөндүгүн, кубануу сезимин, мээримин билдирүү иретинде балага карата колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тай бети кызарып, / Түйдөктөшүп кирген чач, / Тарабай чачы узарып, / Күлгүн тартып беттери, / Күн тийгендей тунарып, / Жарылып жүрөк кетчүдөй, / Торгойго кирди кубаныч, / Жаңы талдын чырпыгы, / Так ошондой буралып, / Басканы сонун адамдан, / Башкача түрү суналып, / Оолжуй басып теңшелип, / Ооруп эми айыккан, / Оңолгон киши ке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кубулжуп Манас жазылып, / Кубаныч кирди баарына, / Шаттык ойун баштады, / Бир жумадан бир жума.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Билип баатыр, иш кылсаң, / Кубанычка батамын, / Билбей кокус иш кылсаң, / Билбедим деп айтпаймын, / Бар билгини сен алгын, / Сейитек болсун каралдың, / Жайын айтып угузгун,, / Канчоро деген айбандын, / Атасы Чубак шер экен, / Атам менен тең экен, / Сен экөөбүз кептенип, / Бирге өскөн кеп экен...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондо мен нечен жылдар чиритип жаткан туткундуктан жаңы бошоп, алдымда бир зор кубаныч тургандай, карыпчылыкта кетип баратканымды унутуп жиберип, сайран талаада бардык үнүмө салып, озондоп коё берипмин.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анда баягы кемпир-чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →