кубала
- Жетүү үчүн артынан жүгүрүү, артынан кууп алуу, жетүүгө аракет кылуу.
- Бирөөнүн же бир нерсенин артынан түшүү, калбай аракет кылуу, иликтеп отуруу.
- Кууп жиберүү, айдап жиберүү, четтетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кудукту таап билгендер, / Из кубалап жүргөндөр, / Кардыгачты табышты, / Кардыгачка Бекбача, / Таштын бетин ойдурду, / Найзасын такап колтукка, / Тулпарына мингизип, / Тирүүсүндөй тоңдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттын изин кубалап, / Ар күнү топо дубалап, / Адырды басып аралап, / Кырга чыгып олтурса, / Өргөн иттей сабалап, / Ойдо жатат көп калмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эркек киши болгондон, / Барбады бирөө жанына, / Кыңырак, канжар, кестигин, / Ташка кайрап алышып, / Кескилеп кирди тирүүлөй, / Катындын баары талашып, / Таразага салышып, / Тартып алтын алышып, / Өзөгү сак өлбөстөн, / Канчоро турат кайышып, / Кубалап чыкты аларды, / Гүлчоро, Бакай, Сейитек, / Талаадан келип калышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир казак артынан жөө кубалап алыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →