коңшу

китептерде 29 жолу, 8 китепте
  1. Айлы, үйү турган жери жанаша, бири-бирине жакын, кошуна.
  2. Кошуна жашаган адам, кошуна кишилер.
  3. тар. Бай, оокаттуу кишиге жакын жашап, ага көз каранды болуп күн өткөргөн кедей, кембагал адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Короолош коңшу жүргөндөр, / Жасоол курап чыкпасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Коросон, испан кыргызга, / Ирегелеш киши элек, / Коңшуга бүлүк салыпсың, / Сени ээрчиген Темирбек, / Тентип өлөт бир сайда, / Коросон менен испандын, / Сөөгү калат ар кайда, / Калдаңдаган калмагым, / Сен өлөсүң майданда, / Илегерлик кылам деп, / Коңурбай каны кошулду, / Күрпүлдөк деген дайрага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ушинтип Жакып аргалап, / Кечилдерден кат алып, / Коңшуларын кошо алып, / Көчүп Жакып жөнөдү, / Айдап малын чубатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андыктан келдим коргонго, / Сейитек хандын алганы, / Короолош коңшу болгонго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бул түгөнгөн Канчоро, / Каары катуу зор Кыйаз, / Хан Бакайдай карыга, / Кастарлуу Гүлүс эренге, / Каныкейдей энеге, / Кадырлуу Чүрөк жеңеге, / Короолош коңшу болгонду, / Кырып салып тынарбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →