коңурсу
- Сасык, күйүк, куйкум жыттануу, каңырсуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ат айабай жол жүрүп, / Аз гана эмес мол жүрүп, / Күндү-күнгө улантып, / Коңурсурду чуратып, / Күндө жүрүп Алтыке, / Артынан чаңын чубалтып, / Абалатып иттерди, / Айылга жетип барыптыр, / Күндө Манас үйүндө, / Келим кетим киши көп, / Бүтүрүп жүргөн иши эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Мен коңурсуган жаман жыттуу иттердин жакындап калганын сезип, сага билгиздим, – деп жооп берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →