коңур
- Кара күрөң түс.
- Салкын, мелүүн, күндүн илеби кайтып калган.
- өт. Жоош, салмактуу, бир мүнөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бэйжиндеги бектерде, / Белдүү Коңур дегенде, / Падыша Манас барганда, / Макыл дөөсүн баш кылып, / Бозкертикти жаш кылып, / Беш жүз алпты алганда, / Болсо анда болгондур, / Андан кийин болбогон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас, Чынача, / Урушканда Ооганда, / Коросон менен испандык, / Коңурбайга алданып, / Барган экен башында, / Кечириптир күнөөсүн, / Келбеттүү Манас падыша, / Испан менен Коросон / Жана келип калыптыр, / Анткор калмак алдаса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Деп өкүнүп бир далай, / Жол аруусун билгени, / Жолуна Алмаң киргени, / Кайта келип Алмамбет, / Жараганы керекке, / Алдындагы Сарала, / Аса байлап терекке, / Башына мамык жастанып, / Жатып калды жай алып, / Муну мындай таштайлы, / Коңурбайдын сыйкырлуу, / Кароолунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Антип абаң болбоду, / Буурулду минип болкойуп, / Сыр найза колдо койкойуп, / Чоң ополдой зоңкойуп, / Ак олпок тонун кийинип, / Ак келтесин асынып, / Ачалбарсын байланып, / Ай балтаны жанга алып, / Буттай темир курчанып: / “Коңурбайга теңелип, / Келгенин көрчү Кутургур, / Ат изин салып Таласка, / Кап, сени!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Коңур күз болбой жалбырак, / Сабалып түшүп жер жапты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →