коңул
- Тоо боорлорундагы же этектериндеги, кокту-колоттордогу өңчөй далдоо жер.
- Бир нерсенин астындагы, боорундагы көңдөйчө, кобул.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Куландын сары сайында, / Сур атчан кетип барат, деп, / Кабар уккан аңгыча, / Аркасынан сайа кууп, / Ылдамдады Бекбача: / “Баркөл, Коңул, Турпандан, / Бир калбаны табабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кобулдуунун өзөнгө, / Конулсун деп шол жерге, / Баашалык доол кагылды, / Капчыгай ичи жагырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп жапылдап турганда, / Коркуп кетпейт Конушбай, / Сейити бар жанында, / — Коңулдаба, желмогуз, / Сенден коркор чак эмес, / Жаныңды койор жер таппай, / Мени жемек тургайлык, / Качып жүрүп сенделип!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Токтосарт, / Жатып алды коңулга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →