коңуз
- Канатынын сырты катуу кабыкча менен капталган, курт-кумурскалар түрүнө кирүүчү майда жандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ал жердеги элдердин, / Ак малдан арбын доңузу, / Ташбакадан дагы чоң, / Талаалуу деген коңузу, / Арбын ошол элимде, / Айтылуу менин жеримде, / Алтын казан атала, / Ичсе карды тойбогон, / Соргоктору дагы бар, / Түндө эшикке чыкпаган, / Коркоктору дагы ба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жылан менен доңузду, / Бака менен коңузду, / Он миң төөгө жүктөттү, / Үч төөгө бирден киши, деп, / Ушинтип ишин бүтүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Доңуздары өгүздөй, / Коңуздары доңуздай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жеңилбеген себеби, / Кемибей тамак ал элден, / Үйүндө багып доңуз жейт, / Талаадан терип коңуз жейт, / Кескелдирик, жылан жейт, / Бычагы жок тиштеп жейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…/ Коркконунан Мадыкан, / Кол кайтарбай келгени, / Бу көрөкчө жапанга, / Бүгүн түн качып кетели», / Деп, кеңешип жапандар, / Жапа доңуз атып жеп, / Бака, жылан, коңуз жеп, / Чөп тамырын терип жеп, / Кай кеткени белгисиз, / Бирден кетти темтиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →