коңгуроо
- Металлдан конус сыяктуу формада жасалып, ички көңдөйүндө термелип кагып туруучу тили бар, шыңгыраган дабыш чыгаруучу буюм.
- Үн сигналын берүү үчүн атайын жасалган жабдык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп, / Коңгуроосун каккылап, / Караанын көргөн адамзат, / Айбатынан жазганат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты караса, / Жуп кара атка тарттырып, / Аруудан жабуу жаптырып, / Коңгуроолор тактырып, / Сарбаптаган кештелер, / Сарамжалын так кылып, / Каныкей келин ошондо, / Кирип келди бул топко.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Коңгуроосу кагылды, / Шоркөлдө жаткан тынч элге, / Качып келип желмогуз, / Бекер калба табылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ошондуктан, эзелтен жүрөк үшүп жалкотой болгон кургурлар не бир бороондогон айсыз караңгыда, сак жаткан кулактар алда кайдан ызылдап келе жаткан коңгуроонун дабышын уга коюп, төшөктөн ыргып туруп, бүлүк түшүп калар эле...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кандын айласы кетип, атып да, кесип да ала албай акыры от менен чыгар деп, тегерете карагайды үйүп, темирди ысытып жатканда, Чыныбек келип коңгуроосунун үнүн чыгарды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →