коён
- Кемирүүчүлөр тобуна кирүүчү, кулагы менен арткы буттары узун, анча чоң эмес, бакма жана жапайы жаныбар.
- Айбандардын аттары менен берилген он эки жылдык жыл эсебинин төртүнчү жылынын аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ырас айтты булар деп, / Ээрчип баспай ак коен, / Кыздан көөнү калар, деп, / Семетей айтты мындай кеп: / — Бар эмесе баатырлар, / Куру келбей алып кел, / Чынкожонун көөнүнө, / Анык кирди салып кел, / Эки жи…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Айт, айт!— дегенимче болбой, булак-булак ыргып, көп коён жабыла качып жөнөдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Коён арстанды терең кудукка ээрчитип барып:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
"Ак кандын кызы коёнду жакшы багып жүрүп кыз түрүнө айландырыптыр" деген сөз тигил эки аялына угулат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →