коюу1
- Кургак менен суюктун ортосу, курамында суусу, суюк заты аз, суюк эмес.
- Калың, жыш, аябай тыгыздалган, көп болуп уюлгуган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Алар качан чай ичкен сайын, биз көзүбүздү жалдыратып, карап отургандан кийин, Элебес бир кезде сыйрасы менен алаканыбызга бир кашыктан талкан салып берип коюучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мемиреген коюу караңгы түн алда кандай бир нерсеге түшүнө албай жаткандай бирдемени тыңшап тургандай болот.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Тасырайган көзүнүн үстүндө коюу кара кашы бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала бир үйдө жалгыз өзүн камап туш-тушка кароол коюуну өтүндү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Жалгызымдын колун адалдап коюуга кудуретим келбеди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →