коюн
- Адамдын көкүрөк, колтук жагы, кийим менен дененин арасы.
- Адам жаткан төшөктүн ичи.
- Арасы, ичи (мейкиндик, орун жөнүндө), камтыган кучагы.
- Үркөр менен Ай бири-бирине жакындап келген учур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Сен ошол Армолдонун коюна кошуп кайтарасың.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошентип келе жатып, бир кезде мен артыма бурулуп карай бергенимде, бир үч карышкыр булак этип жонго чыга түшүп, так Жоломандын коюнун тушунан качырып сала берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал шаардын аягы менен коюн жайып отуруп, бир талаага барып токтоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Миңбайдын баласы бир күнү коюн талаага кайтарып чыгып уктап калса, карышкыр келип койду эртеден түшкө чейин кырат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Беш коюнун беш жүрөгүн салып, кайырчы ыраазы болсун деп бышырып берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →