коюл1
- Коюу болуу, коюулануу, коюу тартуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жекеге баатыр эр чыкты, / Нечен сендей шер чыкты, / Чын-чынына келгенде, / Чекесинен тер чыкты, / Чын ачуусу келгенде, / Кыйгына тийгенде, / Кызарып каны коюлду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Турдумамбеттин аты жаңы туулганда ушундай деп коюлганы менен аны элдин баары «Бечел» дечү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кат үч барак кагазга жазылып, бир бетине жалаң кол коюлган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Чал, сага кызымды берейин, бирок капшытымда калмак айгайлап, тушумда тулпар туйлап турсун, эшигиме чөккөн төөдөй алтын коюлсун, тоодогу жайлоомо алтын-күмүштөн сарай салынсын.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Бир жолго "барса келет", бир жолго "барса келбес жол" деп, жазылып коюлган.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →