кошуун

китептерде 169 жолу, 8 китепте
  1. Черүү, кол, аскер, бир нече коштун бирикмеси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аны менен тим болбой, / Семетейдин тушунда, / Кошуун курап кол чайкап, / Таласка хандар не барды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Бейбашсың, моңгул, сен, — деди, / Бейбаштыгың ар качан, / Өзүңө пайда бербеди, / Коктукаттын шаарына, / Кошуунуң калбай жүр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айдама кошуун кол жайнап, / Алпардың элди алыска, / Эл сактабай, эл кырып, / Жарайсың кандай намыска? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…салып, / Кошо алды мал-пулун, / Бир уруу журтту чаап алып, / Угуп алып мен бардым, / Намыс кылып арданып, / Кантип адам болом, деп / Сулууну албай кур калып, / Кошуунум бар кол бууган, / Он балбан чыкты бул элден, / Мага окшош кордолгон, / Кордолуш жолу бул болгон: / Биринин алган мал-пулун, / Маа окшотуп какшатып, / Биринин а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Коромжуну кулаттым, / Канат жасап учкандай, / Аргымак сени чураттым, / Кайнап жаткан кошуунду, / Ордунан айдап чубаттым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →