кошуу1
- Бири-бирине кошулуучу сандардын жалпы бирдиги канча болсо, ошончо сумма чыгаруучу математикалык амал жана амалдын белгиси (+).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кангай, испан, коросон, / Жедигер, маңгыт элине, / Мындан бузук тараган, / Маңгыт сага барыптыр, / Калмак, тажик, коросон, / Испан менен жедигер, / Таластын келип сыртына, / Кошууун түшүп алыптыр, / Талдынын бойу кырчынга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Алмамбет, Чубак жол жүрүп, / Ат айабай мол жүрүп, / Жеткен жери алардын, / Кайырды деген жер ушу, / Алты жолдун кошуусу, / Улуу ингенден Шыпшайдар, / Өтөөр жолу мына ушул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эңкейишке келгенде, / Эликтей колу сайылып, / Үстүндөгү Жетилбай, / Оңдоп-солдоп камчы уруп, / Этек жеңи жайылып, / Учкан куштай закымдап, / Куйушкандын кошуусу, / Соорусунда шакылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Падыша Бакай баш болуп, / Эштектердин Жамгырчы, / Салтанатуу Гүлчоро, / Акыл, айла кошуучу, / Асыл тукум Канчоро, / Кошойдун уулу Жалгызек, / Жезкемпирдин жети уулу, / Бакай хандын Байтайлак, / Баш кошуп баары чогулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Угузуп турут өзүнө, / Каратып туруп көзүнө: / Көтөргөн атам Бекбача, / Көп кыйналсын баары, деп, / Алып келгин тапкыла, / Кошуучу буга даары, деп, / Өлтүрчүдөн таптырып, / Көп күнгө болжоп жаткырып, / Кемпир менен эки уулду, / Кел бери деп чакырып: / — Эне болдуң сен мурун, / Катын – бала…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →