кошунду
- Бири-бирине кошулган сандардын суммасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатыр Сыргак качырды, / Тоо экен деп кызганбай, / Минген пили карпаңдап, / Колу буту тарбаңдап, / Кошундун туруп ичинде, / Коркоктун көбү калдаңдап, / Күүлөдү майтык найзасын, / Күүсүн мунун байкагын - / Күркүрөгөн куусу бар, / Учунда жалын оту бар, / Узундугу найза…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Аттанып Чубак жөнөдү, / Кошунду карай бет алып, / Ал аңгыча жер бетин, / Жарып кетти күн чалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калмак, кытай аралаш, / Айдап калың кошунду, / Кеңколго жөнөп алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бекер убал байкасам, / Караанга келген кошунду, / Карандай кырып, кан чачмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ал кошунду көргөндө, / Күнгүрөнүп Семетей, / «Каныкей айткан сөз келди, / Ажал,өлүм тез келди, / Көрдүңөрбү» — деди эле?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →