кошумча

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Бир нерсенин үстүнө кошулган, кошумчаланган бөлүк, нерсе же кандайдыр бир толуктоо.
  2. Бирөөгө жардам катарында берилген, кошулган каражат, мал ж.б. Тойго кошумча.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Тунжур төрө Бекбача, / Түк оозуна кирбеди, / Ак калпак кыргыз көп элди, / Катарга деги илбеди, / Беш бөлүнүп аскерди, / Талашты тепсеп кир, деди, / Саранжаны кошумча, / Асылды элге жеткизбей, / Аласкытып тур, деди, / Менин көргөн-билгеним, / Уксаң, баатыр, бул – деди, / Карбаластап Көкүмдүн, / Келиш жайым ал, — деди, / Угуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Курсакка кубат кылгын деп, / Өзүң берген кайратты, / Кулагым менен мен угуп, / Унутуп койуп Сейитти, / Келинге бардым жолугуп, / Жүрөгүн дейт жолборстун, / Жумурткасы сумурук, / Кошумчасы ал болду, / Жүрөгүнөн жолборстун, / Кайненем берген канчаны, / Алып бардым чогултуп, / Жети бөлөк барчаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өзүнүн аты Мадыкөл, / Кошумчасы Жалгыз көз, / Өлүм айдап, кан тартып, / Өзү үйүндө жата албай, / Карманапка жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →