кошто
- Бирөөнү экинчисинин жанына кошуу, жанаштыруу, кош кылуу, кошоктоо.
- Кошо ээрчите басуу, өзү менен кошо алып жөнөө, ээрчитүү.
- өт. Бирөөнүн айткан пикирин, сөзүн колдоого алып кубаттоо, сүрөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжулардын чоң Бодоң, / Жабыкени мингизип, / Коштоп алып чуу койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Калдуубеттин Отору, / Кек алам деп кыргыздан, / Калың элди козгоду, / Инилериң ал күнү, / Эң алдында коштоду, / Баатырлык атка конгондо, / Битине батпай кош болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коштоп алып тулпарын: / “Калмакка барып нетем, — деп, / Кадиксиз жаткан тынч элге, / Салбайын калба бекер, — деп, / Дагы чыкса жаталбай, / Кек алам деп кекерлеп, / Өч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ин каш болгон маалда, / Тура калып Ажыбай, / Аркандан атты алдырып, / Адырмак жерге чалдырып, / Кермеден атын алдырып, / Керүүлөй жерге чалдырып, / Бир жигитке коштотуп, / Жетелешип откозуп, / Агытып койсо Суусамыр, / Кетеби деп шарт койуп, / Бети-колун жуунуп, / Пери уулундай Ажыбай, / Белин бекем буунуп, / Жалаң кылыч байлан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акшумкардын артынан, / Айчүрөк сенин дартыңдан, / Азык алган алты бээ, / Кош жүктөгөн төрт жорго, / Коштогонум он төрт ат, / Аттанып чыктык үч бекзат, / Арчатору бууданга, / Айактап кебез байланып, / Он төрт күлүк айдатып, / Бүгүндөн калбай барам деп, / Айчүрөк сени таб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →