кошокто
- Кошок кылып байлоо, коштоо, чиркештирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арстан Чубак тил билбейт, / Кырк-элүүнү көзгө илбейт, / Алдына Чубак барыптыр, / Катарлашкан кырк бала, / Качырып найза салыптыр, / Арстан Чубак баатырың, / Такыр байлап алыптыр, / Атка таңып сарпоштоп, / Бирине бирин кошоктоп, / Айдап жолго салыптыр, / Ошол күнү түндөсү, / Күн ачылып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Энесине кошоктоп, / Жөөлөтүп жолго айдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сейиттен тууду экини, / Кылжыке байкуш кошоктоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →