кошмо
- Бириктирилген, бири-бирине кошулган, аралаштырылган, бирге болгон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коло, чойун, коргошун, / Кошмосунан бириккен, / Тышына темир каптаган, / Түтүн чыгып кетпеске, / Жигине мистен чаптаган, / Кунан уйдай ок салса, / Нуршабдар менен от берсең, / Атканда дүйнө солк …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Укпай койсо сөзүңдү, / Кулагына куйарсың” / Айтып муну Айчүрөк, / Жети жүз өлүү кошмо бар, / Агын суунун шарынан, / Бөлүп берген болуучу, / Медет деген дарыдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Илбеген менен Кызыл дөө, / Куйган чойун, колодон, / Кошмосу анын сары жез, / Беш кабат темир туулга, / Алты кабат калканы, / Кыргычтыкка жарабай, / Чыгып кетти талканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…а бар, / Уруусун калган унутуп, / Канча-канча барча бар, / Моңгул менен манжудан, / Андан башка калганы, / Башы боолуу калчалар, / Айтылбай нечен калган бар, / Кошмо журттан чандан бар, / Айдап келип моңгулдар, / Кулданып алган андайлар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →