кошкур
- Кошкурук атуу, кошкурук салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Учкаша минип Тору атка, / Качып катын кеткени, / Манжу, моңгул чоңуна / Кабар айтып жеткени, / Айбан да болсо Майтору, / Билип турат көзү ачык, / Сүйлөйүн десе тили жок, / Арамдыктан сөз ачып, / Жакындап катын барганда, / Кошкуруп калды жер чапчып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Санкору деген айбан бар, / Сийдиги жерди өрттөгөн, / Ордуна чөп-чар өспөгөн, / Жатагынан кошкуруп, / Жандар аттап өтпөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мурдун тартып кошкуруп, / Томполоңдоп жөнөдү, / Ачууланып Сейитим, / Ого бетер көгөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ошол замат алакандай бир сынык нан алып чыкты да, караңгыда кошкурган аттай көзү коркунуч тартып «этим бир жерине тийип кетпегей эле» дегендей менден обочо туруп, колун сунду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →