кош6
- Бир нерсеге кошумча кылуу, кошумчалап көбөйтүү, бириктирүү, аралаштыруу.
- Баш коштуруу, турмуш курдуруу, үйлөндүрүү.
- Арабага, сокого атты, өгүздү чегүү.
- Кимдир бирөөнүн, көбүнчө көз жумган адамдын кылган иши, кыял-жоругу, турмушу ж.б. жөнүндө айтып ырдоо же ыйлоо, кошок айтуу.
- Жамакчылык кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайыр айтып, кош айтып, / Келген элди таратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Кош, эмесе,” – деп айтып, / Кол тартышып Жакып бай, / Аттанып жолго салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөндөй шер келди, / Артыла тууган атадан, / Сейтек сындуу эр келди, / Айдай Чүрөк уз келди / Өлжо башы Кутубай, / Аа кошулуп бир келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Макул,— деп ал менин сөзүмө кошулду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Айтуусу боюнча жесир аял шакекти кошуп, тасторконду алып барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →