кочкул
- Өңдүн карамык тартып, коюуланып көрүнгөн түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаш баланы көргөндө, / Суумергендин кабагы, / Кар кеткендей ачылып: / “Алмадай кызыл бала экен, / Каны кочкул, эт жумшак, / Тойгончо жээр маалы экен” / Деп Сурмерген качырды, / Жеткен жерде Сурмерген, / Сарыктын кагып найзасын, / Кайра тийип жапырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үчтөн кылып бөлдү эле, / Айылдын көбүн андан бил, / Мага кана конот, деп, / Таарынгандар болду эле, / Төө жайлоонун белинен, / Калкылдаган кол чыкты, / Кара кочкул чаң чыкты, / Абакең Бакай алкылдап, / Алмамбет, Чубак шалкылдап, / Алдынан тосо барышты, / Арстан Сыргак жаркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →