котур

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Денеге бүдүр-бүдүр болуп чыккан теринин кычыштырма жугуштуу оорусу.
  2. Чөп жакшы өспөгөн, жайдак, такыр же жайпак таш, аска беттер айкалышып жаткан жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манжулардын Нескара, / Котур төөдөй коржоңдоп, / Кулжуңдаган эме экен, / Которуп акыл көп ойлоп, / Жулжуңдаган эме экен, / Сакалы жок, чолок ээк, / Мулжуңдаган эме экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп Гүлүстөн айтканда, / Ант урган Кыйаз ормоңдоп, / Котур төөдөй коржоңжоп: / — Кой, Гүлчоро, кебиңди, / Билип койгун, Гүлчоро, / Жанбай турган пейлимди! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошентсе да, котур улак үчүн өлгөн өңкөй сараң. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →