котор

китептерде 59 жолу, 9 китепте
  1. Алмаштыруу, ордуна башкасын, жаңысын коюу, которуштуруу.
  2. Турагын өзгөртүү, башка орунга, ишке ж.б. жиберүү, дайындоо, көчүрүү, бир жерден экинчи жерге алып баруу.
  3. Бир нерсени экинчи жак бетине, астын үстүнө келтирип оодаруу, аңтарылган абалга келтирүү.
  4. Белгилүү бир тилдеги текстти, оозеки кепти башка тилде берүү, бир тилдегини экинчи бир тилдеги айтылышына айландыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манас айдап жиберген, / Которуп ордун башкага, / Эки ингендин бойунда, / Эркин ойноп жатканда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Которулбай жүрүчү, / Ошол чактан ушул чак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Үч которуп сакчыны, / Агарып сүрүп таң чыкты, / Айбаттанып Айжаңжүн, / Тоодой караан кан чыкты, / Арт жагынан бороондой, / Уйулкуган чаң чыкты, / Атагы алаш жагынан, / Сыргак деген тың чыкты, / Ылайык келсе барсам деп, / Ынтылып турат көп мыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сарыбай деп которгон, / Калтаарып элдер айта албай! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Коңур ашкан Суусамыр, / Которулуп кеткен жок, / Ушу бүгүн дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →