корулда

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Кор-кор эткен дабыш чыгаруу, кор-кор этүү.
  2. Дарылдоо, кор-кор эткен жоон үн менен сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Койлор маарап корулдап, / Козулары чурулдап, / Өзү келип чогулду, / Айдаган жок эл жыйнап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Төрдө жаткан бирөө бат эле корулдап уйкуга кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал жаман тонун баса жамынып эчтемеден капары жок корулдап, уктап жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ыйманкул эбак корулдап кеткен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →