кортоңдо
- Кортоң-кортоң этүү, кодоңдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Карап билдим калмаксың, / Тирүү туруп арбаксың, / Кортоңдобой чыныңды айт, / Кай тарапка бармаксың?- / Татыбекти бир карап, - / Ой, айбалы, сен кимсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Корс-корс этип кортоңдоп, / Мингени пил томпоңдоп, / Кара бойу бир дөбө, / Колунда найза койкоңдоп, / Тегеректеп кыргызды, / Кармайбыз деп ойлонот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сүйүндүн шайы кеткенин, / Анык билди Мусакан, / “Бактыбайдан башкасы, / Бет келалбайт мага, — деп, / Таанып билди Мусакан, - / Койгулашкан канча күн, / Кортоңдогон Сүйүндү, / Койдой башын кесейин, / Коондой ичин эшейин, / Коржоңдоп келет Бактыбай, / Кошо өлтүрүп кетейин, / Кененимди кекетип, / Өлгөндүн алсам эсебин” / Деп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кортоңдогон Тапан хан, / Оң-тескери кумтунуп, / Чолтоңдогон Тапан хан, / Шум канчыктан кеп угуп, / Көбү какшык, азы акыл / Айабаган жеме угуп, / Жетик акыл айтты, деп / Эл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Маңгыттан чыккан балбанда, / Өнөрү жок андайда, / Элкиндеп келген Мөндүрдүн, / Кортоңдогон өлгүрдүн, / Көмө сайам, деп келген, / Баланын көрдү өнөрүн, / Ойлобой Мөндүр өлөрүн, / Камчылап атын чу койду, / Тартынбай Мөндүр түз барып, / Күчү менен сурда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →