корсулда
- Корс-корс эткен дабыш чыгаруу, корс-корс этүү.
- Орой сүйлөө, тумшугу менен бир тийүү, корс этүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аары катуу айбандан, / Азуулары качырган, / Айуулары саксаңдап, / Шерлер жүргөн чакчаңдап, / Пилдер жүргөн томпоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп, / Камандар жүргөн корсулдап, / Жолборсу турган күркүрөп, / Түргөн чийдей ажыдаар, / Көздөрү турган жаркырап, / Көрмөк тургай буларды, / Атын уккан калтырап, / Мындайлардан камдаган, / Кыз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Адырда кулжа дардаңдап, / Бугулар качып каркаңдап, / Айулар качып саксаңдап, / Токойдо доңуз корсулдап, / Мылтыктын үнү чыкканда, / Кузгун жетет куркулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…/ Албарстыдай үксөйүп: / — Эриң Шыгай унчукпай, / Эсирипсиң, Калтырбаш, / Эркиңе койуп далай жыл, / Каман болуп талаада, / Жетилипсиң, Калтырбаш, / Доңуз болуп корсулдап, / Кутурупсуң, Калтырбаш, / Бөрү болуп жутунуп, / Бузулупсуң, Калтырбаш!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Доңузу жүрөт корсулдап, / Торошону топулдап, / Экөөнү кармап байланып, / Белге чыктым айланып, / Туш-тушка салдым көзүмдү, / Турнабайым колго алып, / Батышта жаткан жер көрдүм, / Жер…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сел каптады түрүлүп, / Чаң арылбай сүрүлүп, / Каман жүрөт корсулдап, / Түлкү жүрөт ыржайып, / Ушунун баарын аралап, / Жалгыз жүрөм мен барып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →