коросон
- Чечек оорусунун уусу.
- Күчтүү.
- Өтө курч, абдан өткүр.
- Оттук таш, кээде жалпы эле оттук, куу сакталуучу атайын кутуча-кайыш баштык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, / Алар да келген тебелеп, / Коросон, испан, ооганды, / Кол чакырып куралып, / Жааган күндөй себелеп, / Келгендин өлүп чоңдору, / Калганы кеткен темтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтышкан сөздөн бузулуп, / Ата-баба кубаар сан, / Биз жаза баскан киши эмес, / Тынч алып жатпай үйүңө, / Кыдырдың жердин түбүнө, / Коросонду козгодуң, / Козгоп койуп кош болдуң, / Ооганды барып ойготтуң, / Уйкусун ачып оогандын, / Оголе кыйын шоктондуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кара кытай, манжуда, / Шибе, соло, муңгулда, / Аркалар киши калган жок, / Барган менен мен анда” / Коросондо Дабытай, / Баш калкалар бай таппай, / Бара турган жай таппай, / Көр напсиге алданып, / Калмактан дүйнө алам деп, / Кайран жан калды сай таппай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Колун сунуп Бадыкөл, / Коросон менен жедигер, / Короодон сүрүп малды алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Сартбайдын жагын угуңар, / Маңгыт, маңгул бир тууган, / Кара калпак, түркмөндү, / Ээлеп маңгыт эл турган, / Бадыкүл деп эр тууган, / Элге салган чуулган, / Коросон, Кыйба, Жедигер, / Мисир, Багдат, Урумга, / Койбой малын кууп алган, / Малы тургай батышта, / Арысы түштүк жагына, / Сулуу кыз койбой жыйнаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →