короолош
- Короосу, конушу, жайгашкан жери бири-бирине жакын, коңшу, короолору жанаша.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Короолош коңшу жүргөндөр, / Жасоол курап чыкпасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мадыбек элге чоң болуп, / Короолош конуп Мөңкөтай, / Кол жеткис бууда зор болуп, / Чигитейге жакындап, / Бирге жатып, бир копкон, / Баарынын иши оңолуп, / Каркайып төөлөр чубашып, / Арак ичип,мас болуп, / Кары-жашы дуулашып, / Ак калпак кыргыз жатыптыр, / Калдуубеттин чоң Отор, / Каңгайды көздөй басыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Так көтөрүп ордону, / Талаага тиккен кези экен, / Кудайдын берген иши экен, / Короолош болгон коңшусу, / Токсон түтүн киши экен, / Отуз нөөкөр, кырк шайы, / Ордону баккан жаштары, / Алдынан тосуп Ажынын, / Атын алып байлады, / Эр Төштүктүн үстүнө, / Эшик ачып баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андыктан келдим коргонго, / Сейитек хандын алганы, / Короолош коңшу болгонго.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бул түгөнгөн Канчоро, / Каары катуу зор Кыйаз, / Хан Бакайдай карыга, / Кастарлуу Гүлүс эренге, / Каныкейдей энеге, / Кадырлуу Чүрөк жеңеге, / Короолош коңшу болгонду, / Кырып салып тынарбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →