коромжу

китептерде 136 жолу, 2 китепте
  1. Ысырап болууга, короого учураган абал, ысырап, корогондук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүткүл кабар салайын, / Бүлдүрбөй жыйнап тил алса, / Коросонду кошо алып, / Коромжунун куну бар, / Каны абдан ката элек, / Кызылы өңүп бата элек, / Аны кошо алайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бүгүнкүсү Чигитей, / Бүткүл дүйнө жер бетин, / Бучкагына теңебей, / Артып кетти кыргыз, деп, / Кытайга антип угузуп, / Камынып булар калыптыр, / Коросондук Коромжу, / Коромжунун беш уулу, / Кубатай болчу улуусу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Коросонго бергенче, / Мени өлтүрүп койгун” –деп, / Тынымкандай кыз ыйлайт, / Коромжудан кысталдык, / Кол сунганын бере албай, / Эл чогулуп кеңешти, / Кеңеш болду ар кандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Он бештеги Сомбилек, / Жаш жүрөктүү жел билек, / Оозуна алып Манасты, / Артынан чаңын бургутуп, / Алдынан тосо баратты, / Көрүнүп көргө элестеп, / Колдоочусу Сомбилек, / Коромжуну жадатты, / Карматмак болду Сомбилек, / Бакдөөлөттөй баатырды, / Сайып алчу адатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Коромжуну кулаттым, / Канат жасап учкандай, / Аргымак сени чураттым, / Кайнап жаткан кошуунду, / Ордунан айдап чубаттым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →