корокто

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Корок-корок этүү, сороңдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таң агарып атканда, / Он беш балбан ороктоп, / Найзалары короктоп, / Башаламан ат койду, / Мойундары кодоктоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Карыган койдой чакчайып, / Чач- кирпиги кибиңдеп, / Кирпиден бетер бириндеп, / Жаштын баары жабырап, / Жабыла минип атына, / Жаштын баары сороктоп, / Найзалары короктоп, / Энтериге сүйлөнүп, / Элге айтасың несин, деп, / Мен эрмин деп жүрөсүң, / Керге жарар кезиң, деп, / Элге айтып нетесиң, / Кайда кеткен эсиң, деп, / Бир кишин… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камдалуу аскер ал экен, / Камсыз аскер бар экен, / Калктан келген калың кол, / Бакандары сороктоп, / Баштары келет кодоктоп, / Жакын жетти короктоп, / Темир кийген балбан бар, / Теңдешкенин алган бар, / Найза сайар шыктуу бар, / Сайышканын жыкчуу бар, / Күрзү күүлөр дөөлөр бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Жүз башылар сороктоп, / Найзасы колдо короктоп, / Миң башылар олоктоп, / Бөлүп болду аскерин, / Ар бир жерге сап топ-топ. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кээ бир жерде туулгасы, / Көрүнүп калат короктоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →