корой

китептерде 27 жолу, 8 китепте
  1. Сороюп, коркоюп чыгып туруу, көрүнүп туруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастап ураан чакырып, / Кыйрынан жандап качырып, / Найза менен бир койду, / Чылбыр чойуп Зоңтары, / Жер кучактап торойду, / Турумбектин найзасы / Сол колтуктун такырдан, / Кере карыш коройду, / Турумбектин бул найза, / Ченемсиз өткүр куу найза. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күнөөлүк өтсө айтып кой, / Ачууңду сенин сурайын,- / Суйкалдан уккан кептерин, / Коройтуп айта албады, / Аштын кебин салганы: / — Абаке сени каралап, / Ташкенден келсем сабаалап, / Шылдыңдап жүрөт теңтуштар, / Кышында өлгөн атаңа, / Аш бере албай койдуң»- деп, / Мени кылып жаман ат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он алты күн толгунча, / Ороодой көзү олойду, / Конжурга сөөгү коройду, / Кабыргасы саналды, / Күнгө катып төө тери, / Сөөгүнө барып кадалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чычаң сөөгү коройуп, / Эти кетип жооруптур, / Олтура албай Токто абаң, / Кыйшалактап туруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →