коркунучтуу

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Коркунучу бар, кооптуу, кооп санай тургандай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коркунучтуу келбети, / Билинип турат желдети. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Коркунучтуу төртөөнүн, / Өзү турат Коңурбай, / Айласы арбын амал көп, / Ар бир түрдүү иши бар, / Атын айтпайм бул жерде, / Жан алчу жана киши бар, / Алакеңден кеп угуп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Энем да күндөкүдөй эмес, көздөрү коркунучтуу, чарасынан чыгып, көкүрөгү кырылдап, билинер-билинбес дем алып, улам жоошуп кетип баратат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Биздин маңдайыбызда түнөргөн калың карагайдын ичинде, ушул караңгы түнгө ылайыкталып бүткөндөй, бир куштун күркүлдөгөн коркунучтуу дабышы чыгат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анын жанындагы тар жолго түшсөң, үч ай басасың, бирок ал жол эң эле коркунучтуу. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →