коркунуч
- Кооптуулугу бар, корко тургандай шарт, корккондук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кошулгандар Оторго / Коркунуч кирди ошондо, / Чыр тапты Отор жөн турбай, / Сайышка чыгып мөөрөйгө, / Одураңдап жокту айтып, / Чолосу тийбей өлөөргө, / Жөө балбанды камдады, / Индилердин эли…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шалдырайсың не мынча, / Коркунучуң эми басылбай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Баатырдын таанып желегин, / Балаа баскан Керимбай, / Титирек кирип бойуна, / Менменсиген неменин, / Коркунуч кирди ойуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жерде түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Абылай айлакер байкатпай туруп жакын өтүп бара жатканын жакадан адды эле, көгүчкөндөр дүр этип асманга көтөрүлдү, коркунучтан чочуган перилер артын карабай өз дүйнөсүнө учуп жөнөштү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →