коркок

китептерде 34 жолу, 8 китепте
  1. Жүрөгү жок, кайратсыз, ыгы жок корко берме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу болсо, / Кан чайкалып суу болсо, / Кайра качып жүрбөсүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…п колго алып, / Бузулуп өңү сумсайып, / Шамал чыкчу булуттай, / Чамбыл тартып кумсарып, / Тик качырып кырданып, / Билине турган кез болду, / Кимиси баатыр, ким коркок, / Баатырлыгы ылганып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кимдин жолу шар болот, / Кимдин жолу тар болот, / Кими баатыр ким коркок, / Ошондойдо ылганат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айжаңжүндүн шаарында, / Карысы-жашы, коркогу, / Канчасын басып калыптыр, / Кулап кетип коргону, / Бооз катын калбастан, / Бала салып баарысы, / Кызыл чие кан болуп, / Абышка-кемпир, жаш балдар, / Жанчылып калды нан болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лык менен жамандык, / Кайсынысы билинбейт, / Бол жүргүлө, баскын, деп / Келген желдет күжүлдөйт, / Жарык дүйнө түн болуп, / Үйдүн ичи күүгүмдөйт, / Койон жүрөк коркоктор, / Сийдиги агып бүрүлдөйт, / Шамал болбой күн жаабай, / Кулактары дүрүлдөйт, / Кара тилдүү Тазкара, / Кайраты бар алынча, / Ата башка, эне бир / Чойтолоңдун жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →