коржой

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Коржогой көрүнүштө болуу, коркоюп туруу, каржаюу.
  2. Бой көтөрүү, менменсинүү, тоң моюндануу, тоңдоосундук кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коросон барды коржойуп, / Кол салыштык коркподук, / Менде балбан көп эле, / Бири миңден жоо сайган, / Баары мыкты эр эле, / Баарысын сойду кыйратып, / Он эки түн дегенде, / Найзага илип өзүмдү, / Көрсөтүп көзгө өлүмдү, / Дарбазага илгени, / Тирүүлүгүм билбеди, / Шаар аралап киргени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Керкөкүл айтат коржойуп, / Агыш айтат борбойуп: / — Тартып алган эмеспи, / Тирүүдө Манас зор болуп, / Накылай менен Карабөрк, / Эми алдык ээ болуп, - / Бокмурун жөнгө торгоду, / Кеп у… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →