корголо

китептерде 31 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерседен сактануу, жашырынуу үчүн далдаа жерге бекинүү, жашынуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йрыкчасы көк дөбөт, / Тиши чыгып ырсайып, / Тумшугу менен жер сайып, / Мурдунан каны шорголоп, / Жаныңда калбай жалгыз ит, / Маңгыттардын тобуна, / Качып кирди корголоп, / Элкиндей басып Майтору, / Кетип барат жорголоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кутулар жери болбосо, / Корголоп сизге бүжүрөп, / Коркуп жүрүп кор болсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эртең менен болгондо, / Эшикке чыккан киши жок, / Мойнунан жамгыр шорголоп, / Талаага чыкпай корголоп, / Ушул түнү шам менен, / Жаабай жамгыр токтолот, / Эшикке чыкса айкөлүң, / Мыдыр эткен киши жок, / Кызыл түлөө кезинде, / Кыйын жааган жамгырда, / Аты менен и… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жүрөгү тайкы адамдар, / Корголоп аттын артына, / Жөө түшүшүп бүжүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өткүндөн коргологон немедей жалпы көмөрөбүздөн түшүп үзүктү чүмкөнүп калдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →