корго
- Башка бирөөгө кол салдырбоо, тийгизбөө, кайтаруу, сактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатырдын жолун жолдойлу, / Ыйык Ата Мекенди, / Манаска окшош коргойлу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Индистан барып нетемин, / Жөн койбой мени коргогон, / Каңгайга барсам бекемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мурдатадан ойлогом, / Болорун жумуш болжогом, / Алты жылдан бер жакка, / Кардыгачтын ичине, / Жан бастырбай койгомун, / Жаш жыгачын чоңойтуп, / Кыйдырбастан коргодум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жарама дары жабылды, / Ууга малган найзадан, / Алып келди жанымды, / Кыздан айар жерим жок, / Бүткүл дүйнө барымды, / Элүү балбан, эл-журтум, / Эсен көрдүм барыңды, / Азыр болуп коргоп ал, / Сейитиден жаныңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Наамы кыргыз болгонду, / Баатыр Манас коргоду, / Кызылкыйа сагаада, / Коңурбай алдап чакырып, / Семетей кетип калганда, / Кайнап жаткан Каңгайга, / Эр Семетей, Гүлчоро, / Канчоро – үчөө барганда, / Алдап т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →