копшо

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Кыймылдатып ордунан бошотуу, козголтуу, жылдыруу.
  2. Жонуп текшилөө, жылмалоо, тегиздөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кызылкыз айтат-мен көрдүм, / Бекбачаны баарыдан, / Кара мүртөз эр көрдүм, / Тулку бойу, турушу, / Ширөөсү капкан чойундай, / Канча күнү кармашта, / Жүрүүчүдөй нойубай, / Орто бойлуу, тууралжын, / Кең далылуу, кууш айак, / Копшогондой колдору, / Баатырлык сыны бар турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бутактары копшолуп, / Колундагы чынары, / Нак сойулга окшошуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыл шиберге копшотуп, / Тезге басып токтотуп, / Түптүздүгү сүмбөдөй, / Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бастырбай жатып жай токтоп, / Имам меди чазында, / Жатар имиш ок копшоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кетментөбө, Жасыңды, / Чыгыш жагы Эркечтам, / Ойдуң, түздө Коконду, / Кол жыйылып болгунча, / Мыйаздай копшойт ошону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →