коп
- Сын атоочтун копкоюу сыяктуу күчөтмө даражасын түзгөн бөлүкчө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара ташка далк этип, / Катуу тийди даңк этип, / Сынып кетти бир буту, / Кашка жилик шаңк этип, / Секирип кобо калам деп, / Жыгылып кетти жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Башыман өткөн ишим, — деп, / Байкап көрсөм балама, / Башка эмес кесели, / Чигитей окшойт билдим, — деп, / Мурун балам сак болсо, / Эртең менен сак копсо, / Кечээ күнү шашкеде, / Таза туруп жин тийсе, / Улам-улам кубулса, / Ичкен ашын билбесе, / Ашык эмей эмине?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тапа- так найза беш кулач, / Аргамжыдай өргөн чач, / Бөктөргөн иттей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / О…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу деп, / Эти жок такыр колтукка, / Мылгытып найза жиберди, / Ылдамдап копшуп имерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагымды тайарла, / Өзүм турам, ойготпо, / Тоосур атты откозбо, / Өзүм койом копкондо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →