кооптон
- Кооп саноо, коопсунуу, чочулоо, коркуу, шек саноо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эминеден кооптонуш, / Айтүбү турса жерибиз, / Салгылашар эр болсо, / Суумерген турса эрибиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көрбөгөнмүн укканмын, / Сазаңшааны жердеген, / Мангүбаны элдеген, / Мангүбанын улугу - / Макил малун эрдеген, / Кабарын анын угалы, / Кооптонуп жүрчү элем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п айтат, / Кеп айтканда деп айтат: / — Албарстыны алдаган, / Айлакерсиң сен адам, / Келайтасың демитип, / Кеп кылган болуп байатан; / Койнума жылан кирчүдөй, / Кооптоном чыйрыгам, / Жатындаш тууган болсоң да, / Жакындаба садагаң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Желмогуздан кооптонбой, / Жата бергин жай, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →