коомайла

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Бир нерсени башкалардан окчунураак, алысыраак коюу, коомай абалда кылуу.
  2. Жакындабай, кошулбай, четтегенсип жүрүү, жатыркагандай көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эми ойлонду Жагалмай, / Кар жиликтин сооту жок, / Эндей чапан эле деп, / Чыканагын коомайлап, / Колун оңдоп алганда, / Найза салбай көөдөнгө, / Кар жиликтин булчуңга, / Сайып өттү Жагалмай, / Тарамышын тарата, / Жарып өттү Жагалмай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Деп Айчүрөк баласын, / Жанына жакын жаткырып, / Үстүнө жабуу жаптырып, / Тайарланып турду эле, / Коомайлап бетин ачтырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →