кооз

китептерде 19 жолу, 8 китепте
  1. Көрүнүшү адам кызыккыдай, жагымдуу, көрктүү.
  2. Жагымдуу, уккулуктуу, көркөм.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кол куушуруп бүкүйүп, / Кошомат кылган дагы жок, / Тең турат экен жанаша, / Чоң-кичүүдөн айрым жок, / Кийген кийми өтө кооз, / Ээр-токуму баары окшош, / Жер бетинде жок чыгар, / Ушул кыргыз элге окшош. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ошо жылы Чыйырды, / Бооз болуп калыптыр, / Бооз болгондун үстүнө, / Өткөзө башка нурланып, / Кооз болуп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Төштүктүн уулу Жоодар чал, / Жол чалып жүрүп кайгуулдап, / Учурап калды чунакка, / Жан үзө албай жаткан жан, / Жанына келип караса, / Кененим уулу эр Сейит, / Көөзүрдүн өзү турбайбы, / Ташкелте огу жаңылып, / Тили калып күрмөөдөн, / Жан үзө албай жаткан кез, / Көрө салып Жоодар чал: / “Мени кудай урбайбы, / Таштап кетсем талаа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кудай берген жетимге, / Миңгени айдай Кыланбоз, / Салынганы байандоз, / Залкар тоодой карыйа, / Минген аты Койонбоз, / Бар кийими өтө кооз, / Жана бирөө жанында, / Карыйанын сакалы, / Куу жүнүндөй сеңселет, / Койонбоз минген адамзат, / Пери уулундай теңселет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Хан аябай кубанып, баланы мончого түшүрүүгө буйрук берип, андан кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган бөлмөгө жаткыртып койду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →