коо
- Эки жагы бийик, ортосу чуңкур, ой жер, аң.
- Малга жем, туз берүү, суу алып өтүү үчүн жумуру жыгачтан оюп же тактайдан аштап жасалган аштоо.
- Мал үчүн жасалган кашаа, тосмо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Башы туйук жери кең, / Аккан агын суусу бар, / Таштан ташка урунуп, / Күпүлдөгөн доошу бар, / Айагы кууш аскалуу, / Коо болуптур Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көөдөндөрү жылганын, / Көмөскөлүү жери тар, / Ышкырынып жаңырык, / Заңкайган бийик зоосу бар, / Аржаккы оозу жылганын, / Жери чаңдак шор болчу, / Будурмак адыр коо болчу, / Илгерки өткөн баатырлар, / Ошол жерден жиберип, / Жортуулчудан из чалчуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, / Найзага илип ыргытып, / Топтуу караан көп элди, / Айдап кирди чубуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Буттары казып жер жыртып, / Какырлуу жерлер коо болду, / Тополуу жерлер ор болду, / Чымдуу жерге былкылдап, / Чылпылдаган суу толду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →