конч

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Бут кийимдин апкыттан өйдөкү бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Козу кулак, жоогазын, / Балжууран, ышкын, кемирчек, / Кымыздык менен бээ эмчек, / Кончуңа толуп бастырбай, / Куйулуп жатат жөргөмүш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайра качты далпылдап, / Желке чачы салпылдап, / Бура тарта бергинче, / Май сооруга найзанын, / Төрт эли учу тийгени, / Камчы саптай кара кан, / Чычаңы ылдый куйулуп, / Кончторуна киргени, / Эми демжип бир сайса, / Өлөрүн кемпир билгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сыр найзанын конч жагын, / Ээрине койуп сур аттын, / Карап турса аш кайнап, / Эсине келип Кутургур, / Көзүн ачып кааган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →