конуш
- Эл келип коно турган, айыл отурган, жай алган жер.
- Үй тигиле турган жер, үйдүн орду.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эңиш тарткан бел келди, / Ошол жерге келгенде, / Конушбайдан Бекбача: / — Канчалык калдык жериңе, / Лопнурдакы элиңе?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чогулушуп Конушту, / Бурчуктун ойу сеңирге, / Аскер батып жаталбайт, / Анча-мынча тар жерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Деп Саламат айтканда, / Карап адам баккысыз, / Кененимдин түрүнө, / Кеп айтты эми түрүлө: / — Сенин атың Сарыбай, / Азыраак маңгыт эл эле, / Тирүү олуя Семетей, / Сага берди жезбилек, / Жезбилекти бергенде, / Конушуң берди белгилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жакып байга караган, / Жаакташка конду эле, / Бакай хандын конушу, / Майбулакта болду эле, / Жамгырчыга караган, / Жайылмада болчу эле, / Текечинин конушу, / Тетиги турган кең Тескей, / Шыгай хандын элдери, / Чоң артууну жээк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адашып кеткен Сейитек, / Атанын тапты конушун, / Аралап келди жер көрүп, / Жетитөрдүн баарысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →