конолго

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Коно турган, түнөп жатууга тийиш болгон жер, түнөк.
  2. Атчан киши бир конуп өтө турган аралык. 50–60 км аралык чени.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келбестин жайы ушул го, / Түндүк менен түштүктүн, / Арасында аш берсе, / Калбай баары бүт келет, / Ыктуу болсо конолго” / Деп ойлонуп Бекбача, / Жерди чардап көрмөккө, / Конушту мурун белгилеп, / Анан ашты бермекке, / Аттанып баатыр жөнөдү, / Атайын жерди көрмөккө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Туш-тушка киши жибердим, / Темир суу, арал, азыкты, / Кербенчиси калмактын, / Конолго кылып алыптыр, / Күн-түнү жок бергин деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көптүгүнөн караандын, / Канаттуу учуп чыга албай, / Күн батканча зыпылдап, / Конолгого жете албай, / Калдайып бүркүт соолуптур, / Жорулар байкуш болуптур, / Тоту куш булбул дегендер, / Кой башына конуптур, / Калыңга айдап барган мал, / Кең Букарг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдында бирөөн чаптырат, / Кырктын бирөө кат жазып, / Кеч киргенде конолго, / Элдер турат жардашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →